Саясат

Жээнбеков Баткен облусундагы социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты (Фото)

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Баткен районунун Ортобоз айылындагы бала бакчанын ачылыш салтанаты болуп өттү.

Өкмөт башчы өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана өзүнүн атынан тургундарды кубанычтуу окуя менен куттуктады. Ал белгилегендей, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары чектеш райондорду колдоого алуу эсептелет, келечекте бул багыттагы иштер улантылмакчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкө көзкарандылыкка ээ болгондон тарта балдардын билим берүү мекемелеринин 90%га жакыны менчиктештирилип кеткен. Жалпысынан республика боюнча 1500 ашуун бала бакча менчиктештирилсе, анын 198и мыйзамга ылайык мамлекетке кайтарылган.

Премьер-министрдин айтымында, Өкмөт тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу жана мыйзамсыз менчиктештирилгендерин артка кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Өкмөт башчы белгилегендей, сапаттуу билим берүү – бакубат келечекке карата жасалган салым болуп эсептелет. Буга байланыштуу мамлекет тараптан билим берүү маселесине өзгөчө басым жасалууда. Билим берүү тармагын колдоого алуу – өлкөнү өнүктүрүүгө алып баруучу бирден-бир ишенимдүү жол болуп саналат.

«Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири – өсүп келе жаткан муундун сапатуу билим алуусуна тийиштүү шарттарды түзүү», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында  Баткен районунун  Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин курулушунун  жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, обьектинин курулушу 2016-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат, мектеп 150 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө мектептин окуу корпусунун курулушу толугу менен аяктап, спорт залдын курулушу жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  ошондой эле  Лейлек районунун Тогуз-Булак айылына барып, андагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бактыбек Абдиев маалымдагандай,  аталган обьект 2015-жылдын августунда башталып, эски мектептин аймагында салынууда. Азыркы кезде мектептин каркасы жана чатыры орнотулду. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат, мектеп 225 орунга ылайыкталган.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мектептерди курууда алдыңкы технологияларды, анын ичинде энергия үнөмдөөчү жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Буга удаа ал долбоорлоо учурунда окуучулар үчүн жагымдуу  шарттарды максималдуу түрдө түзүүгө көңүл буруу зарыл экенин баса белгиледи.

Андан соң Премьер-министр Лейлек районунун Исфана шаарындагы №48-профессионалдык лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.  Анда ашпозчу, слесарь, кондитер жана автомастер адистигине окутулат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору маалымдагандай, аталган обьект лицейдин мурдагы имаратынын ордунда жайгашып, курулушу 2008-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун чатырын жабуу иши  бүткөрүлдү.