Маанилүү

Жалал-Абадда КСДП менен «Кыргызстан» оппозицияда калды

Жалал-Абад шаарында бүгүн шаардык кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, алгачкы жыйынын өткөрүп, көпчүлүк коалицияны түзүштү.

Аймактык ММКлардын жазганына таянсак, КСДП менен “Кыргызстан” фракцияларынын депутаттары жыйынга келбей коюшту, жыйынга жалпы 16 депутат келди.

Жыйын эң улуу депутат Бахтияр Шерматовдун (Өнүгүү-Прогресс) жетекчилиги астында өттү. БШКнын  өкүлү Д. Жүндүбаев аларга төш белги жана депутаттык күбөлүктөрүн тапшырды.

Депутаттардын толук болбогондугуна байланыштуу төраганы шайлоо кийинкиге жылдырылды. Төраганы шайлоо үчүн 31 депутаттын кеминде 21 депутаты катышуусу керектиги мыйзамда жазылган.

“Ата-Журт”, “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биримдик” фракциялары көпчүлүк коалицияны түзүп, КСДП менен “Кыргызстан” фракциялары жыйынга келбегендиктен оппозицияда калды.