Дүйнө

Тажикстан Орусиядагы ооган элчисинин кечирим суроосун талап кылууда

Орусиядагы Ооганстан элчисинин Тажикстанды кемсинткен билдирүүсү үчүн Дүйшөмбү тынчсыздануусун жана таң калуусун билдирди.

Тажикстан ТИМи Ооганстандын Тажикстандагы элчисин чакыртып, каршылык нотасын берди. Нотада тажик элине карата акарат келтирилгендиги үчүн терең тынчсыздануу жаралып жаткандыгы белгиленген.

Дүйшөмбү Кабулдан Ооганстандын расмий өкүлүнө карата чараларды көрүп, анын билдирүүлөрүнө анализ жүргүзүүнү суроодо. Тажикстандагы Ооганстандын элчилиги Орусиядагы дипломаттын билдирүүсү Кабулдун расмий позициясын чагылдырбай турганын айтты.

Ооганстандын Орусиядагы элчиси Абдулкаим Кучай президент Ашраф Ганинин жакын тууганы. Ал өткөн жылдын соңунда ооган видеоблоггерине маек берип, Тажикстанда маңзат трафиги менен алектенген мафиялык топтор бар экенин билдирген. Ооган элчиси маңзат соодагерлерине жардам берүүдө деп Орусияны дагы айыптаган. “Мен жогорку кызматтагы орусиялык аткаминер менен жолугушуу учурунда маңзат Ооганстанда өстүрүлөт, бирок анын аркасында силер (орустар) жана тажик мафиясы турат деп айттым»,-деген ал.

Тажик өкмөтү өлкөдө наромафия жок экенин, бирок маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген бир нече кылмыштуу топтор бар экенин белгилеген.