Дүйнө

Түркия Сириядагы чек ара дубалын быйыл апрелде куруп бүтүрөт

Түркия Сирия менен чектешкен аймакта курулуп жаткан дубалды быйыл апрелде бүтүрүүнү пландоодо. Курулушчулар дагы 28 чакырым тосмону тургузушу керек. Бул тууралуу Түркиянын Star гезити жазды.

Мындан тышкаркы Түркия Армения менен болгон мамлекеттик чек арасында дагы дубал тургузуу маселесин талкуулап жатат.

Басылманын маалыматына караганда, Ардахан, Карс жана Игдир провинциялары менен чектешкен жерлерде үч метр бийиктиктеги бетон блокторду орнотуу каралууда. Мындай жол менен өлкө террорчулардан коргонуп, чек араны мыйзамсыз өтүү жана аткезчилик маселелерин чечүүнүү көздөөдө.