Саясат

Салянова УКМКнын интернетти көзөмөлдөөсүн сынга алды (Видео)

Аида Салянова: "Баш мыйзам өлкөнүн ар жараны өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу деп белгилейт. Бул укук эч бир чектөөлөргө дуушар болбоосу керек.Бүгүнкү күндө Фейсбукта 45 мындай аккаунт аныкталыптыр. Эгер ушинтип бара берсек, келечекте Фейсбукта "лайк" басканы үчүн жарандар камалышы мүмкүн. Башкы прокуратура УКМКнын мындай аракеттерине баа берип, Жогорку Кеңешке маалымат бериш керек"

Опубликовано Нуразизом Шайырбеком 11 января 2017 г.

«Ата-Мекен» фракциясынан ЖК депутаты бүгүнкү парламент отурумунда УКМКнын соцтармактарда президентке жаман сөз айткандарды териштирүүсүн сындап, УКМКнын бул аракетине Башкы прокуратуранын баа берүүсүн суранды.