Маанилүү Саясат

«Өнүгүү-Прогресс» Бишкек шаарынын мэрлигине шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев партиясынын Бишкек шаарынын мэрлигине шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын билдирди. Шайлоо алдында Албек Ибраимовдун жактоочуларынын митинг өткөргөндүгүнүн уят нерсе экендигин белгилеген эл өкүлү:

— 2017-жылды Бишкек шаары митинг менен башатды. Бул артка карай кадам, эскичилик. Албек Ибраимов жаңы ыкмалар менен, программалар менен дебатка чыгып элге өзүнүн программасын айтып чыкса болот эле. 8 ай иштеген мэрдин сөзү жокпу. Эмнеден коркот? Тескерисинче эски жол менен элди уюштуруп, депутаттарды коркутуп, бюллетендерди белгиледи. Демократиялык принцип менен алдыга жылабыз десек митингдерди унутушубуз керек. Келечекте мэрди шайлоону элдин добушуна коюш керек. Мынтип жүрө берсек эртең шаарыбыз айыл болуп калат. Өнүгөбүз десек маданият жылында маданияттуу бололу. Митингди оппозиция күрөштөрдө ресурстары жетпей жатканда өткөрөт. Бул жерде мэрия опппозицияга каршы митинг өткөрдү. Бул уят нерсе. Бул митинг башкаларга да үлгү болду. Эми башка шаарлардын мерлери да Бишкекте деле өттү деп, митингдерди уюштурушат.