Жаңылыктар Саясат

Молдакун Абдылдаев: Эч кимдин президенттин абройуна шек келтирүүгө укугу жок

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев УКМКнын соцтармакта ажого сын айткан жарандарды кайсы мыйзамга ылайык териштирип жаткандыгын тууралуу айтып, соцтармак колдонуучуларын ачыкка чыгаруу менен сөз эркиндигине кысым болбогондугун билдирди:
— Бизде ЖК кабыл алган мыйзам бар. Анда Башкы прокуратура өлкө башычысынын кадыр-баркына шек келтирүү боюнча сотко кайрыла алат. Эч кимдин президенттин абройуна шек келтирүүгө укугу жок.
«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова соцтармактарда пикир жазуунун териштирилүүсүнүн УКМК ишмердиги боюнча атайын мыйзамда каралбагандыгын, ошондой эле соцтармактарда өз оюн айткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамдын жок экендигин белгиледи.
СДПК фракциясынан депутат Ирина Карамушкина президент гана эмес, жөнөкөй жарандардын да намысына шек келтирүүгө эч кимдин укугу жок экендигин айтты.