Коом

Өлкөбүздү президенттик-авторитардык башкарууга кайтаргысы келген талапкерлер кайрадан революцияны көздөйбү?

 «Кудайдын мээри түшкөн адам гана падыша болот» деген кеп бар. Анын сыңары дагы бир нече айдан кийин Жараткандын мээри кимге түшө турганы белгилүү болот. Азырынча президенттик шайлоого ат салышууну көздөгөн талапкер өздөрүнө элдин көңүлүн көбүрөөк буруу аракети менен болууда. Бирок, Кудайдын мээри түшүп ажо болгон адам, ошол бактысын көтөрө албаса, анда кандай тагдыр күтүп тураарын Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тагдырынан улам жакшы билип калдык.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери, ушул эле партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгып аткан Бакыт Төрөбаевдин шайлоо алдындагы көтөргөн негизги лозунгдарынын бири – «Биз президенттик башкарууга барышыбыз керек» деген маанайда болууда. Бул партиянын «Максим Бакиевдин долбоору» деп аталаарын эске алганда Бакыт Эргешович эмне себептен кайра президенттик башкарууга кайтып барууну көздөп атканы түшүнүктүү болуп тургансыйт.

Ошол эле убакта «Республика – Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов адаттагысынча кооз убадаларды берүү менен бирге: «Мен президент болуп калсам же президенттик кызматты же премьер-министрлик кызматты жоём» деген лозунгду көтөрдү. Өмүрбек Токтогуловичтин айтканы Төрөбаевдин айтканына эле үндөшүп тургансыйт. Себеби, ал президент болуп калса эч качан өзүнүн кызмат ордун жоюп жибериши мүмкүн эмес. Андыктан анын премьер-министрлик кызматты жоюу максаты бар экени, анан премьердин ыйгарым укуктарын да өзүнө ыйгарып алгысы келип турганы ачык эле билинип туру.

Демек, ошондо бул эки талапкердин тең көздөгөнү кайрадан толук кандуу президенттик башкарууга кайтып баруу болуп аткан болобу? Мындай максатын жүзөгө ашыруу үчүн алар албетте өздөрү айтмакчы референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүшөт. Анан ар кандай жол менен элдин башын айлантып президенттик башкарууну кайтарып келишет. Натыйжада эмне болот? Баягы эски тепшибизге кайтып барган болобуз? Биз туңгуч качкын ажо Акаевдин маалында да, андан кийинки канкор Бакиевдердин доорунда да президенттик-авторитардык режимде жашадык. Бирок, ошондой башкаруудагы режимдин аягы менен аяктады?

Эки жолу катары менен революция болду. Демек, элибиз эми эч качан президенттик башкарууга кайтып барууну каалабайт. Ал эми ошондой башкарууну орноткусу келип аткан талапкерлерди колдойбу? Тумандуу Альбиондо, чымын-чиркейлүү Минскиде жаткан Бакиевдер менен Кыргызстанга болгон кусалыгы ашып ташыган Москвадагы Акаев гана колдобосо башка эч ким колдобойт.

Биз өткөн 2016-жылдын декабрында жалпы элдик референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Ага ылайык, мамлекетибиздин көзкарандысыздыгына, бүтүндүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келтире турган нормалар алынып салынган. Андан тышкары биз парламенттик башкаруу системасына карай дагы бир олуттуу кадам жасаганбыз. Башкача айтканда, мамлекеттеги олуттуу маселелерди жалгыз гана президент өзү чече албайт. Президенттин ыйгарым укуктарына караганда премьер-министрдин ыйгарым укуктары бир топ кеңейген. Демек, Бабанов эмне себептен премьер-министрдин кызматын жойгусу келип жатканы түшүнүктүү болуп турабы?

КР Конституциясынын үчүнчү бөлүмүндө КР президентинин ыйгарым укуктары кандай экендиги толугу менен жазылган. Аны жакшылап анализдеп окуп чыккан адам президент өз алдынча мамлекеттик олуттуу маселелерди чечүү укугу жоктугун баамдайт. Президент өзүнүн ар бир кадамын же Жогорку Кеңешке сунуштайт менен же премьер-министр менен макулдашат. Маселен, ал башпрокурорду кызматка дайындоодо адегенде Жогорку Кеңешке талапкерди сунуштайт. Кайра кызматтан бошотууда да Жогорку Кеңештин макулдугун алат. Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт. Кайра ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт. Демек, айрым саясатчылар айтып аткандай соттор эч качан түздөн-түз президентке көзкаранды эмес.

Премьер-министр менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат.

Айтор, бир сөз менен айтканда мамлекет башчысынын «ажыдаарга» айланып кетүүсүнө учурдагы Конституция жол бербейт. Ал эми Конституциянын 5-бөлүмүндө КР өкмөтүнүн жана премьер-министрдин ыйгарым укуктары толук көрсөтүлгөн. 2010-жылдагы кабыл алынган Башмыйзамга салыштырмалуу жаңы Конституцияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Бирок, өкмөт өзүнүн иши тууралуу Жогорку Кеңештин алдында отчет берип турууга милдеттүү. Эгерде Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишине ичи чыкпаса, анда аны отставкага кетирүү жөнүндө маселени карай алышат. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө көпчүлүк депутаттар тарабынан кабыл алынса, анда президент аны отставкага кетирүү чечимин кабыл алууга тийиш же Жогорку Кеңештин чечими менен макул эместигин билдирет. Эгернде дагы үч айдын ичинде өкмөткө ишеним көрсөтпөө кайталанса, анда президент өкмөттү жумуштан кетирет.

Айтор, бийлик бутактарынын ортосундагы баланс сакталган. Бири бири менен тыгыз кызматташуусу үчүн нормалар киргизилген. Андыктан мунун баарын бузуп, кайрадан президенттик башкарууга кайтып баруунун кажети жок. Элибиз да андай башкарууну эми каалабайт.