TezNews TV

Кыргызстандагы эң бай 10 адам (видео)

“Кыргызстанда ким бай?”,- деген суроого карапайым кишилердин жообу бир беткей. Көпчүлүк Кыргызстанда колунда бийлиги, күчү бар адамдар гана байый алат деп эсептешет. Анткени коррупциялашкан деген бул өлкөдө ак эмгек менен байып кетүү мумкүндүгүнө эл анчейин ишене бербейт. Мындан сырткары Кыргызстанда ишкерлердин так байлыгын аныктаган индекаторлор жок болгондуктан, чын эле байбы же жөн эле таанымал ишкер экенин билүү мумкүн эмес. Ошентсе да  Topnews маалматтык сайты эл оозунда жүргөн он алгачкы  бай инсандын капчыгын тизмектеп чыкты.