Коом

“Кыргызстан сулуусу Жибектин операциясына ишкер Бабур Тольбаев 5 млн сом которду

“Кыргызстан сулуусу 2013” сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукееванын операциясы үчүн “Мөл Булак” банкы 5 млн сом бөлдү. «Мөл Булак» банкынын ээси Бабур Тольбаев бул тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасында жазып чыкты.
«Банк кызматкерлери биргеликте, банктын бюджетинен жана көңүл кош карабаган кардарларыбыздын жардамы менен 5 миллион сом бөлдүк. Жибек сиз үчүн миңдеген кызматкерлер жана жүз миңдеген кардарлар дуба кылып турушат. Сиз дагы Кудайга ишениңиз, буюрса баары жакшы болот. Коомубузда жардамга муктаж кишилер көп, андыктан биз ай сайын социалдык маселелер үчүн акча бөлүп турууну туура көрдүк. Жибек сиздин абалыңызга кайдыгер карабаган жарандар көп, баары жакшы болооруна ишениңиз» — деп жазды Бабур Тольбаев.