Маанилүү

Карамушкина: Президентти жамандагандар тууралуу маалыматты шайлоочум жиберип, мен аны УКМКга бергем (Видео)

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын демилгеси менен интернетте ар дайым Атамбаевди жамандагандардын тизмесин УКМК түзүп чыккан болчу. Эл өкүлүнүн айтымында президентти жамандагандар тууралуу маалыматты ага шайлоочуларынын бири жибериптир, ал маалыматты депутат УКМКга берип, алар бул маалыматты текшерип чыгыптыр.