Маанилүү Саясат

Канжарды Аалы Карашев калкалайбы?

Мурдагы ЖК депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиевдин сот иштери жылдап созулууда. Кадыралиевдин үстүнөн бир нече үй-бүлөө карактоо, зомбулук көрсөтүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу олуттуу айыптарды коюп келатат. Бирок Канжар ушул күнү да эркиндикте жүрөт.

Бул ишти убагында президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алганына карабай, угушубузча Акүйдөгү таасирдүү адамдар Канжарга колдоо көрсөтүүдө. Өлкө башчысы көзөмөлдөгөн бул иштин аягына чыгышын коомчулук чыдамсыздык менен күтүүдө.

Канжарды «калкалаган» чиновниктердин бири Президенттин Аппарат башчысынын орун басары Аалы Карашев деген сөздөр жүрүүдө. Анткени, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Куршабдагы «Асель» чайканасында Кадыралиевдер СДПК талапкерлерине чай берип, Аалы Карашевге токулган ат мингизгенин далай киши көргөн. Демек, алмайдын бермейи бар болуп, Карашев эми белекке алган аргымагын «актап» жатабы?

Өнүккөн, мыйзам иштеген мамлекеттерде ири кылмышка шектелген адамдардан мындай белек алгандар элден кечирим сурап, саясаттан кетет. А бизде, тескерисинче кызматтан жогорулай берет. Карашевге карапайым жабырлануучудардын каргышы тийбесе болгону.