Саясат

Эрежесиз мушташ чебери «Душка» ЖК депутаты болот

Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынан депутат Чолпон Жакупова 1-январда мандатын тапшыраарын айткан. Анын ордуна партиянын шайлоо алдындагы тизмесинде 15-орунда турган «Душка» деген лакап ат менен таанымал Дүйшөн Төрөкулов келет.

Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Дүйшөн Төрөкулов Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетинин башчысы да болуп турган. Чолпон Жакупова референдум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдирген эле.