Дүйнө Жаңылыктар

Душанбенин мэри болуп тажик президентинин уулу дайындалды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалини борбор шаар Душанбенин мэри болду.

Президенттин буйругу менен Душанбенин мэрлигине дайындалган Рустам Эмомали, бул кызматты 19 жылдан бери аркалап келген Махмадсаид Убайдуллоевдин ордуна келди.

Рустам Эмомали буга чейин Антикоррупциялык агенттикти жетектеп келген.

Бир нече апта мурда Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинин эл аралык департаментинин башчысы болуп дайындалган. Ал эми бир жыл мурда президент дагы бир кызы Озода Рахмонду өз администрациянын жетекчиси кылып дайындаган.

Рахмондун башка дагы бир топ жакын туугандары өлкөдөгү кирешелүү бизнестерге ээлик кылышат.