Жаңылыктар Саясат

Депутат Ноокатта Өзбекстан жарандарына сатылган жердин чындыгын аныктоону суранды

СДПК фракциясынан ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров өкмөттүн Ноокат районундагы 131 га жерди Өзбекстан жарандарына сатылгандыгынын чын-төгүнүн иликтөөнү суранды:

— Массалык маалымат каражаттарында 131 га жердин Өзбекстан жарандарына сатылып кеткендиги жазылды. Муну сиздер да көрсөңүздөр керек. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгер жалган болсо анда жөн гана уу-дуу жаратып жатат. А эгер чын болсо анда кылмыш иши козголуп, бул иштин артындагы чиновниктер жазаланышы керек.