Uncategorized

Дарылардын 30% гана лабораториялык текшерүүдөн өтөт

Бул тууралуу ЖКнын депутаты Айсулуу Мамашова билдирди. Анын айтымында дарылардын 30 пайызы гана лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, калган дарылар дарыканаларга текшерүүсүз түшүүдө. Анткени дары-дармекти каттоо дагы, аны лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү дагы дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине берилген. Бул жердеги кызыкчылыктар бири-бирине карама-каршы келип, азыркы жагдай түзүлгөн.

“Тилекке каршы Кыргызстандагы дары-дармектин сапаты көңүл жылытарлык эмес. Менимче ар бирибиз эле сасык тумоого кабылып, ага каршы дары кабыл алабыз. Бирок, ал дарыларды ичкен менен, эч кандай жардам бербейт. Дарылардын текшерүүсүз сатыкка чыгышы тууралуу прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Анын жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот”,-дейт депутат.