Коом

Чынара Адамкулова, КУУнун ректору: Эптеп иштеп жүргөн мугалимдер аттестациядан өткөн жок

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова  аттестациядан өтпөй, кулап калган мугалимдердин көбү буга чейин эч кандай илимий эмгек жазбаганын, студенттерге ачык сабак өтпөгөнүн кошумчалап, биздин сайтка мындай пикирин билдирди…

“Мага чейин жыл сайын мугалимдерге болгону бир жылдык контракт түзүлүп, көп мугалимдер ошол контрактын негизинде иштеп келишиптир. Бир жылдык контракт менен иштегенде мугалимдерде эч кандай мотивация жок болоору белгилүү. Бир жыл эптеп иштесем, андан кийин дагы кафедра жетекчиси менен сүйлөшүп, контрагымды узартып алам деп иштеп келишкен. Мен келээрим менен мугалимдерди  аттестациядан өткөрдүм да беш жылдык контракты түздүк. Аттестациядан бир топ мугалимдер талапка жооп бербегендиктен өтпөй кулап калышты. Кимдер өтпөй калды, ошол эле эптеп иштеп жүргөн мугалимдер өткөн жок. 30-40 жылдан бери мугалим болуп иштеп, бир дагы илимий эмгек жазбаган мугалимдер бар экен. Мугалим болгондон кийин айлык алып эле иштеп жүрө бербей илимий эмгек, монографияларды жазып, ачык сабак өтүп иштеш керек да. Тилекке каршы кулап калган мугалимдердин  көбү антишкен эмес. Алар кулап калгандан кийин “окумуштуулар кеңешин силер түзгөнсүңөр” деп бизге доомат  коюшту. Мындан улам Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы 31 жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешин текшерип чыгышты. Аттестациядан өткөн мугалимдер боюнча айтсам, алардын саны 800 гө жакын. Алардын баары азыркы тапта беш жылдык контракт менен иштеп жатышат. Аларда мотивация пайда болду. Беш жылдан кийинки аттестацияга эмитен баштап даярданып башташты. Баса, юридикалык факультетте 30 жылдан бери ага мугалим болуп иштеген бир мугалим бар экен, ал ушул кезге чейин бир да илимий эмгек жазбай иштеп келиптир. Ал азыр “мени ага мугалимге өткөзбөй койдуңар”- деп бизге таарынып жүрөт. Жок дегенде бир илимий эмгек жазып койсо ага мугалим кылмакпыз да, мына ушундай окуялардан улам мага нааразы болуп чуу чыгаргандар көп” -дейт ректор Чынара Адамкулова .

 

 Түзүлгөн эмгек келишими аягына чыккандыгына байланыштуу Ж. Баласагын атындагы КУУнун жаштар комитетинде иштеген кызматкерлер бизди ректор Чынара Адамкулова негизсиз кызматтан алды деген таризде аз күн мурун маалымат жыйынын өткөрүп окуу жайды жамандап чыгышкан эле. Ал боюнча мындай дейт.

“Ал балдар жаштык кылды. Алар маалымат жыйынын өткөрөөрдөн мурун мага келип “эже мындай болду, сүйлөшөлү” деп мага келип акылдашышса болмок. Мен эле аларды кантип кууп жибермек элем. Алардын да эмгегин мен жакшы билем. Бир топ жыл университетте иштешти. Жаштар үчүн бир топ жакшы иштерди жасашкан. Маалымат жыйынында алар университетти жамандагандан мурун өздөрү жөнүндө эле айтып бергендей болду. Анткени  нааразы болгон үч жигит тең жатаканада жашап, үчөөнүн тең мойнунда 60 миңден 100 миң сомго чейин жатаканага карызы бар экен. Буга чейин төлөбөй эле жашап жүрө беришиптир. Эми кандай болсо дагы жогоруда айткандай алар өзүбүздүн балдарыбыз, алар жөнүндө мен жаман айткым келбейт. Иштешсе иштешебиз.  Кол үзүп иштешпей койбойбуз” — дейт Чынара Адамкулова