Маанилүү Саясат

Аида Салянова: УКМКнын ишмердигине прокуратура баа берсин

«Ата-Мекен» фракциясынан ЖК депутаты бүгүнкү парламент отурумунда УКМКнын соцтармактарда президентке жаман сөз айткандарды териштирүүсүн сындап, УКМКнын бул аракетине Башкы прокуратуранын баа берүүсүн суранды.
Ар бир адамдын өз оюн айтууга укуктуу экендигин белгилеген Салянова, УКМКнын ажону сындагандарды иликтөөнү башкы милдет кылбоосу керектигин айтып:
-Азыр соцтармактарда эмнелер гана болуп жаткан жок. Ошол эле экстремизм күчөп баратат, аны карашсын. Анын ордуна президентке сын айткан 45 жаранды таап чыгышты. Ага канча убакыт, канча акча сарпталды. Мындай жол менен кетсек демократиядан эч нерсе калбайт. УКМКнын бул ишмердигине прокуратута баа берсин.